Сокулукта мыйзамыз жер сатууга шектелген Т.Бабанов аттуу жаран камакка алынды

Сокулукта мыйзамыз жер сатууга шектелген жаран Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Т.Бабанов аттуу жаран 2014-жылы Новопавловка айылынан жер үлүшүн Ы.А. аттуу жарандан сатып алып, "Жерди транформациялоо боюнча документтерди бердим, Жогорку Кеңештин фракция, комитеттеринде каралып жатат. Үй кура берсеңер болот" деп ишендирип, жер тилкесин жарандарга саткан. 
Бул факт боюнча 2015-жылдын 20-июнунда Сокулук райондук милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, 29-июнда камакка алынды. Т.Бабанов Кылмыш-жаза кодексинин 166-берене (алдамчылык) жана 353-беренеси (өзүм билемдик) боюнча айыпталууда. Тергөө иштери уланууда. 
Белгилей кетсек, Т.Бабановдун аракети менен мыйзамсыз сатылган жерлерде курулушту токтотуу жана курулган үйлөрдү сүрдүрүү боюнча өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция чечим чыгарганы белгилүү болду. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
deva
2015-07-02 13:30:53
Жер тилкелери боюнча бул жерге салынса болот-болбойт деп элге эртерээк түшүндүрүү керек. Азыр кайсы жаңы конушка барба 40 градус ысыкка карабай там салып жаткандарды көрөсүң. Дээрлик көпчүлүгүнүн кызыл китеби жок. Эптеп бүтүп алышса бул жер мызамсыз деп сүрдүрүп салышса байкуштар не болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан