Бүгүн, 2-июлда өлкөнүн спорт боюнча бардык федерациялары спорт журналисттерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Жалпы 40 чакты массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бүгүнкү майрамдын урматына, спорттук иш-чараларды чагылдырууда көрсөткөн мыкты чеберчиликтери үчүн Ардак грамоталар, атайын медаль, спорттук кийимдер жана акчалай белектер менен сыйланышты.
Бүгүн журналисттер КРнын Спорт журналисттер федерациясынын каржылоосу менен майрамга утурлай Ысык-Көлгө 4 күндүк эс алууга кетип жатышат.