Ош облусунда аттестат үчүн 15 миң сом пара талап кылган билим берүү бөлүмүнүн кызматкери
кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйылкы жылдын 1-июлунда Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургунунан арыз түшкөн. Анда Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн кызматкери арыз жазган аялдын кызына мектепти аяктаганы тууралуу аттестатты алып берүү үчүн 15 000 сом пара талап кылганы айтылган.
КРнын Ички иштер министрлигинин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн ыкчам иштердин жыйынтыгында Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн К.А. аттуу 52 жаштагы кызматкери кармалган. Учурда бул боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "пара талап кылуу" беренеси менен иш козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.