ЭЛДИК КАБАР: "Айдаркен коммунальщик" ишканасына каршы митинг өттү

Бүгүн, 2-июлда Баткен облусундагы Айдаркен шаарынын тургундары "Айдаркен коммунальщик" ишканасына каршы тынчтык митингин өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Анын айтымында, митингге шаардын мэри Момун Мукумов жана башка жетекчилер болуп жалпы 100гө жакын адам катышты. Алар кээ бир үйлөрдүн карызы көбөйүп кеткендиктен, ишкана үйлөрдү тургундардан тартып алып, башка бирөөлөргө сатып жибергенине нааразылыгын билдиришти. Ошондой эле "Айдаркен коммунальщиктин" жетекчиси Гүлшан Ильязованы кызматтан кетирүүнү жана ишкананы мэриянын балансына өткөрүүнү талап кылышты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurka85
2015-07-02 18:16:29
Коп жылдан бери ээлеген кызматын берээр бекен. Кеминде 20 жылдан ашты го ээлегенине
0
nurka85
2015-07-02 18:19:25
Акыркы 7-8 жылдан бери кышында кочодо карлар да тазаланбайт, машиналар тыгылып кыш мезгилинде журо албайт. Эмии билбесем
0
sagynbek_78
2015-07-03 15:37:00
Эн туура качанкыга чейин чыдайт элдер, мэриянын балансына откорсун.
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-05 10:13:01
ушу чыр дагы деле буто элек...Кайрат Жапаров иликтеп журчу эле...
0
sarbo
2015-07-06 11:37:40
биздин коммунальшик эжекебиз отко куйбос сууга чокпос болдуго,канчалаган арыз-доолор болсо дагын тбылк этпей отура берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан