2015-жылдын 30-июнунда ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде "телефон чалып жалган маалымат берген" деп шектелип Майрамбек Кубатбеков кармалды.
Ага “терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран тергөө-камак жайына киргизилди. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык, терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүүлөр боюнча айып салууга, түзөтүү жумуштарына же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалар каралган.