Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерге гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 3-июлда Орозо айына карата Токмоктогу №1 жана №2-Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерине азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Аталган интернаттарда учурда курагы 18ден 60 жашка чейинки жалпы 471 адам дарыланып, жашайт. Аларга ун, өсүмдүк майы, күрүч, туз жана кумшекер түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүлдү. 
Кайрымдуулук иш-чарасына социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев катышты. Министрдин айтымында, №1-Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин ашканасы жакында толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондой эле эми эл аралык уюмдардын жардамы менен аталган ашкананын мештери да жаңыртылат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан