Чолпон-Атада колго жасалган 105 литр спирт ичимдиктери табылды

Чолпон-Ата шаарында салык кызматкерлери үй шартында жасалган спирттик ичимдиктерди аныкташты. Алынган продукциянын көлөмү 105 литр: 20 литр чача, 75 литр шарап жана 10 литр медовуха. Спирт ичимдиктери атайын рейд учурунда О.И. аттуу жеке ишкердин соода түйүнүнөн табылган. Мыйзамсыз сатыкта турган продукция Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилгени айтылды. Иликтөө иштери жүрүп жатканын бүгүн, 3-июлда Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан