Ала-Арча көлмөсүнө 1 адам чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2-июлда саат 17:25 чамасында Аламүдүн районундагы Озёрное айылындагы Ала-Арча көлмөсүнө Баткен облусунун Лейлек районунда 1996-жылы туулган
Канат Жумабаев аттуу жаран чөгүп кеткен.
Издөө иштерине ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, чөгүп кеткен адамдын денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.