Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2-июль күнү саат 19:10 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 5-чакырымында Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаа менен DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алганын кабарлады. Окуя болгон жерге аталган министрликтин №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабыркагандар ооруканага кайрылышкан жок.