Камбар-Ата шаарчасындагы иштебей калган оорукананын 4 бөлмөсү күйүп кетти

Кара-Көл шаарынын Камбар-Ата шаарчасындагы иштебей калган фин тибиндеги 2 кабаттуу оорукананын 1-кабаттагы 4 бөлмөсү күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өрт 2-июлда оорукананын кароолчусу Шарапат Абдишеванын коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан улам келип чыккан. Кароолчу электр мешин сайган боюнча калтырып койгон. Натыйжада оорукананын жалпы 167 чарчы метр аянты күйгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан