Токмок интернатындагы бейтап Алишер Аманкулов: "Үйлөнгүм келет, бирок мага кыз табуу кыйын экен"

Бүгүнкү күндө Токмоктогу №1 жана №2-психоневрологиялык жатак-үйүндө 471 адам күн кечирип келет. Алар шизофрения, олигофрения, эпилепсия жана башка ооруларга чалдыгышкандар. Бейтаптардын 10 пайызы такыр төшөктөн тура албайт. Ошондой эле бул жердеги 15тен ашык жарандын гана жакындары күн алыс келип турушат. SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу аталган мекемелерде күн кечирген адамдар менен маектешти. 

Алмагүл Курманбаева: “Күлгүндөй курагымда унаа кырсыгына учурагандан кийин тагдырыма балта чабылды”

Алмагүл Курманбаева учурда 58 жашта. Өмүрүнүн 20 жылын ал Токмок шаарындагы №2-психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде өткөргөн. Бул жерде курагы 18ден жогоркулар жашашат. Курманбаеванын айтымында, ал 34 жашында турмушка чыккан, көп өтпөй унаа кырсыгына учураган. Ошондо баш мээси катуу жабыркап, кийин нерв системине доо кеткен. Сүйлөөсү начарлап, буттары кыймылдабай калган. “Балалуу да болгон жокмун” деген айым башынан өткөргөнүн жана учурдагы жашоосун айтып берди.

Өзүм Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнөн болом. 34 жашымда менден беш жаш улуу кишиге өз каалоом менен турмушка чыккам. 2 жыл жашаган соң унаа кырсыгына учурап, ден соолугумдан айрылдым. Анан ооруканада дарыланып жатканда бир апа нан сураганынан бербей койсом бутка катуу чааптыр, ошондон тарта буттарым да ооруйт, баспайт. Күйөөм мен төшөккө жатып калгандан кийин эки жылдай каралашып жүрүп, кийин таштап кетти. Тагдыр ушундай экен, бир заматта дүйнөм өйдө-ылдый болуп калды. Же күйөөдөн жок, же баладан жок, же ден соолуктан жок кала бердим. Учурда Нурлан аттуу жигитим бар, экөөбүз теңбиз. Экөөбүздүн таанышып, сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 15 жыл болду. Жакында баш кошолу деп жатабыз”,- дейт Алмагүл айым.


Алишер Аманкулов: “Үйлөнгүм келет, бирок мага кыз табыш кыйын болуп жатат”

Дагы бир мекендешибиз Алишер Аманкулов менен маек курдук. Ал 6 жылдан бери №1-Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде күн кечирип келет. Учурда 29 жашка келип калган мырза үйлөнгүсү келерин айтат. “Бирок кыз табыш кыйын тура” деп жылмаят.

Мен Кочкор районунун Чолпон айылынан болом. Талма оорусу менен төрөлгөм. Ошондо эле өз ата-энем мени балдар үйүнө таштап кетишиптир. Анан мени баккан ата-энемдикинде 23 жашка чыккыча жашадым, кийин алар да тажашты окшойт, бул жерге таштап кетишти. Аларга деле таарынбайм, намаз окуйм, орозо кармаган жокмун, бирок Кудай мендейлерди кечирсе керек.

Бош убактымда китепканабызга барып сүрөт тартам. Бардык тартканымды бул жердеги апам-атамдар дубалга илип коюшкан. Келген конокторго көрсөтөбүз. Жашоомо өтө деле нааразы эмесмин, өкмөт жакшы тамак берет. Үйлөнсөм деп кыялданам, анткен менен мага кыз табуу кыйын экен”,- дейт ал.

Жумадил Самов, №1-Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору: “Бизде кылмышкерлер жок, психикалык жактан жабыркагандарды электен өткөрүп алабыз”

Токмоктогу №1-Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Жумадил Самовдун айтымында, бүгүнкү күндө 8 дарыгер, 19 медайым жана 41 санитар бейтаптардын ден соолугуна кам көрүшөт.

Бир адамдын тамак-ашына деп өкмөт тараптан бир күнгө мурда 55 сом берилсе, учурда 100 сом берилет. Мындан тышкары 7 сомго чукул каражатка дары-дармектер каралган.

Бизде кылмышкерлер жок, психикалык жактан жабыркагандарды электен өткөрүп алабыз. Ошол эле учурда аларга башкача мамиле кылуу зарыл, анткени булар өздөрүнүн кылык-жоругуна жооп беришпейт. Бейөкмөт уюмдар келип, "Эмнеге темир тор менен жаап койгонсуңар?" деп асылышат. “Эгер бирөөсү айнектен куласа силер жооп бересиңерби?” деп айтам. Бейтаптардын оорусу ар кайсы учурда кармайт. Ошондуктан аларга туура кам көрүү - биздин максат”,- деди Самов.


"Тагдырыма таарынып, өкүнүп да, өкүнбөй да жашап келем..."
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daniel87
2015-07-03 20:21:21
Кудайым баарыбызды жаман нерселерден сактасын эки дуйно бактылуулугун берсин!бул жерде жакткандардын от дуйносу бейиш болсун
+20
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан