Американын Зиверд Эндрюв аттуу жараны Ленин чокусун багындырууга чыгып баратып каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, анын сөөгү аталган чокунун деңиз деңгээлинен 4650 метр бийиктигинен бүгүн, 3-июлда Ми-8МТВ тик учагы менен алынып келинди.