Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин мурдагы бухгалтери 300 доллар пара берип кармалды

Бишкек ШИИББинин 5-Башкармалыгынын кызматкерлери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу 3-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеменин мурдагы бухгалтери тарабынан каржы жаатында мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Мыйзам бузууларды жаап-жашырууну суранып бухгалтер бир нече жолу укук коргоо органдарына акча сунуштаган. Бул боюнча "пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, агенттиктин мурдагы кызматкери Т.А. 300 доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан