Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 6-июлга чейин Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эртең, 5-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад, Бурулдай, Талды-Суу көчөлөрүндө, Жал кичи районунда жарыкка чектөө киргизилет.
Ал эми 6-июлда №603, 298, 3077, 311, 2916-көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев, Киев көчөлөрүндө жарык өчөт. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында (№1-5; 93-201-көп кабаттуу үйлөрдө, Алматы көчөсүндөгү №293-471-үйлөрдө) жарык өчөт.