Көчмөндөр оюну өткөн Чолпон-Атадагы ат майданынын азыркы абалы (фоторепортаж)

2014-жылы Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюну өтүп, бул оюн үчүн ат майданда кайра куруу иштери болгон. Анда спорттук мелдештер жогорку деңгээлде уюшулуп, эл кыйлага чейин сөз кылып жүрдү. Башта мелдештин жыл сайын уюшулары айтылса, кийин 2 жылда бир уюшуларын айтып чыгышкан. Бирок азыркы күнгө чейин так маалымат жок. Ал эми ат майдандын курулушуна коротулган акча чыры көпкө созулуп, айрым жетекчилер кызматтан алынышкан.

Бир жылга жакын убакыттан кийин ат майданга барып, анын учурдагы абалын көрүп келдик. Былтыр аттардын туягы жерди оюп, оюндар өткөн аянт боз топурак болуп турган. Азыр кишинин белинен келген чөп өсүп калганын байкап, бул жерде ошол мелдештен кийин ат оюндары уюшулбаганынан кабар алса болот. Болгону аянтты айланган жолду көрүп, анда-санда бул жерде аттар чабыларын байкадык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kama_future_millioner
2015-07-05 02:57:01
канчалаган акчалар кетти эле
+1
Altysh_Boldush
2015-07-05 04:01:46
От басыптырда. Оюн болбосо ошондой болот
0
insap
2015-07-05 09:09:50
Эки жылда болсо да бир жолудан өтүп турганы көчмөн улуттар үчүн абдан маанилүү болор еле...
0
Medina87
2015-07-05 09:10:21
Ат кулагында ойноп, нече туркун онор ээлеринин б.а. чабандестердин убалын ойлонушса болмок. Кыргыз элим абалтадан жамбы атуу, жорго салуу, кулук жарыштыруу канына синген калк.
0
MoXiTo
2015-07-05 09:11:03
Кожо көрдүго жасалат бизде баары жок, үй курушат 2жылдан кийин көчө баштайт, жол салышат 1жылдан кийин бузулат, бак тигишет жыл сайын жыл өтпөй куурап кой мал жайылып жок болот. От души иштеген эртеңкини ойлогон адам жок, эптеп акча бөлсө жесе пайдаланса.
+11
Uli6886
2015-07-06 16:34:57
Кочмондор оюнун демилге котруп чыккандар кызыгып козомолго алып. Аким, айыл окмотторду сайгылап турса болмок миллиондогон акчалар ысрапкерчиликке жол беришбей.
0
Azura
2015-07-06 17:48:58
куруу иштерине катышкан жумушчуларга эмгек акысы толоно элек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан