6-июлдан
7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу
жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүүсү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,
6-июлда кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. Абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 27…32°С, тоо этектеринде 18…23°С, тоолуу райондордо 3…8ºСге чейин төмөндөйт.Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.