Орусиялык “Ростсельмаш” ишканасынын комбайндары Кыргыз Республикасына алынып келинди. Айыл чарбасы үчүн керектүү техникалар Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы
Бакыт Төрөбаевдин аракети менен алынып келүүдө.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда өлкөдөгү айыл чарба техникасынын 87 пайызынын эскилиги жетип калган. Бул жагдай дыйкандарды түйшүккө салып келет. Мындан улам эл өкүлү пландап жаткан 500 техниканын алгачкы партиясы алынып келинип, быйылкы түшүм жыйноо үчүн талааларга чыга баштады.