Юрист: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эми укуктарын өз алдынча коргой алышат"

Бүгүнкү күндөн баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын окутуу тренингдери өткөрүлө баштайт. Анда алар өз алдынча өз укуктарын коргоого үйрөнүшөт. Бул тууралуу "Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү окутуу курстарынан өткөн соң, алар өз алдынча боло алышат жана мыйзам менен толук тааныш болушат. "Азырынча 45 жаранды 2 этап менен окутууну пландап жатабыз. Биздин кызмат бекер болот. Алгач 13-14-июлда Ысык-Көлдө тренинг уюштурабыз. Ага Ош облусунан жана Ош шаарынан, ошондой эле Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан катышууну каалагандарды чогултабыз. Экинчи этапта активдүү 10-15 кишини тандап алабыз жана алар үчүн 4 тренинг уюштурабыз. Андан кийин биздин бүтүрүүчүлөр юристтердин жардамысыз өз укуктарын коргой алышат",- деди Т.Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgonduk-jigit
2015-07-06 15:21:57
Админ. Булар менен кайдан байланышса болот?
0
admin_portal
2015-07-06 17:00:53
Ozgonduk-jigit, саламатсызбы!
Купуя аркылуу жооп берилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан