Ара төрөлгөн баланы өлдү деп карабай койгон №2-төрөт үйүнүн 2 кызматкери кызматтан алынды

Маалына жетпей төрөлгөн ымыркайды "өлүү төрөлгөн" деп жардам бербей койгон №2-төрөткананын ишин иликтеген комиссия чечим чыгарды. Муну 6-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы ырастады.
Аталган мекеме алдында түзүлгөн комиссиянын иликтөөсүнүн натыйжасында төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары М.Керималиевага сөгүш жарыяланды. Жаңы төрөлгөндөрдү жандандыруу бөлүмүнүн башчысы А.Жайнакова ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле анестезиолог-реаниматолог Э.Ишеналиев жумуштан алынды.
Эске салсак, №2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгонун баланын атасы Эрмек Нургазиев айткан.
Ата: "Дарыгерлер өлдү деп таштап койгон баламды өпсөм кыймылдап жиберди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
karona
2015-07-06 17:07:06
Жакшы болуптур, ар ким оз жазасын алыш керек.
0
M89
2015-07-06 17:20:35
Кызматтан алышпайт. Болгону башка жака которуп коюушту да. Булар биринин козун бир чукумак беле?
+1
jugorsk
2015-07-06 17:23:54
Камаш керек эле иштен бошосо кайра эле башкага орношуп алатта
+2
AizaSumaya
2015-07-06 17:33:37
Биздикилер элди алдаганды билет алданып журуп конуп деле калдык го иштен бошоттук дешет да кайра эле эртеси биз кечээ адашып бошотуп алыпбыз деп эле жумушка киршизип алышат мындай кадамдарга кондурушту го бизди
+1
Azura
2015-07-06 17:34:30
Врачтар статья менен жумуштан бошосо кайра орношо албагандай кылып лицензиясын алыш керек
+2
st1m_
2015-07-06 17:52:24
Жетекчи начар ошон учун ушундай кайдыгерлик.Конуп бутушкон андай мындай деп актап кетишет бири бирин,жаза алган эч ким жок. Жумуштан да албайт. Которуп жиберет башка жакка бутту, эртен кайра баягы эле корунуштор.
+1
Topchubai
2015-07-06 18:12:42
Андай ХХХ ХХХ ХХХ! Силердин айынардан дагы бир Кыргыз коз жумду Силерге окшогон адам кебетелуу Бир инсандын олумуно жон гана жумуштан алынабы?Законунар ушундай беле?Бироонун жаны кыйылса жон гана жумуштан четтетилсе,бул кандай акмакчылык?Андайларды аябай эле абакка кестирип,он он беш жылды мойнуна илиш керек болчу!Же дагы акча кымтыдыбы силерге?Тукурдум законунарга!Тфу!
+1
admin_portal
2015-07-06 18:47:27
Topchubai - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Boldukan86
2015-07-06 19:27:08
Оа врачтарды жумуштан бошотконго жараша лицензиясын алыш керек. ошондо бираз ойлонушуп иштешээр. законго баш ийбейтда корочи баары. акчага баш ийишет.
+1
kama_future_millioner
2015-07-06 19:44:53
Буларды кызматттан эле алып койбостон камаш керек эле. Дагы ант берип коюшат булар Гипакратка
+1
Bakytbek1980
2015-07-06 19:50:16
Камаш керек, башка соз жок.
+1
ayzyrek89
2015-07-07 01:17:53
Тогуз ай сыздап которуп, толгоосун тартып .тороп алса 9 саатка жеткирбей олтуруп коюшса. Не деген заман? Балага зар болгондор зорго жетсе олтурушсо не заман? Кайдыгерчилик
+1
FSB
2015-07-07 13:28:35
Tiruu balany oldu dep karabai koigonu adam olturgogo barabar!!! Ayagyna chein kuroshup, kolunan kelgen jardamyn ayabash kerek ele.Adam olturgondordu jumushunan ele boshotup koigon adiletsizdik! Turmogi kamap, jabyrkagandarga moraldyk kompensazia tolotup jazasyn berish kerek ele!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан