ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайдын Кара-Мык айылында суу жана жол көйгөйү курч бойдон

Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында суу жана жол маселеси башкы орунда турат, себеби эл кык-топурак аралашкан сууну ичет. Муну окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, айыл тургундары азыркы күнгө чейин сууну эшек менен ташып келет. Анда да алып келген сууну тундурганда жарымы ылай болуп чыгат. “Анан жол маселеси да чечилсе жакшы болмок. Биздин көйгөйлүү маселелерибизди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев чечип берсе жакшы болмок”,- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aylin.91kg
2015-07-08 18:16:53
Бул корунуш жамгыр жааганда андан беттер жаман болот, кышында кар коп болгондуктан суу тонуп ичкенге суу таппай ошо дарыянын музун чагып, суу алышат ал дагы таза эмес, малдын кыгы аралашкан. Ушу маселени чечип берсе жакшы болмок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан