Президент Баткенде ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү

Кечээ, 7-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда президент Алмазбек Атамбаевдин атынан орозо кармагандарга кечки сый тамак берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Саамалыкка Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акими, Кадамжай шаарынын мэри, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри, Кадамжай районунун башкы имам-хатиби, Кадамжай шаарынын башкы имам-хатибдери катышышты.

Иш-чарага Кадамжай районунун бардык аймактарынан коноктор чакырылган. Келген конокторду Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов президенттин атынан Орозо айы менен куттуктап, жалпы конокторго өлкө башчынын саламын жеткирди. Ошондой эле өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков жеке өзүнүн жана жалпы эмгек жамаатынын атынан ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Иш-чарага келген коноктор саамалыкты уюштурган өлкө башчысына ыраазычылыктарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bahbrat
2015-07-08 14:41:07
Акырында СДПКга алкыштар айтылды
0
alenka
2015-07-08 14:54:19
Шайлоо жакындап калган го чамасы
0
KGstan81
2015-07-08 15:05:19
Ооз ачарга бут эле губернатор,мэрлер,акимдер, депутатар курсактары май басып калгандар чыкырылыптыр да.
+2
kubat_1973
2015-07-08 15:21:20
Тангоруу дейсин президент ушундай майда чуйдо иштерге аралашпай эле койсо президент башы менен бир куну мектеп ачкан жерде бир куну копуро ачкан жерде Эми ооз ачкан жерде.Бир чиновник сауна ачып чакырса ага деле барып лента кесе береби шайлоо деп эле
-1
Boldukan86
2015-07-08 15:34:23
kubat_1973, Жок наобород барып аралашканы жакшы. президент болсо эмне ал деле адам биздей эле. мисалы биздин айылга ЧАС ачылып Акаев келип лента кескен. миндеген солдаттар келип коргоп турган элди жолоткон эмес верталётун аран коргонбуз президентти эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан