Нарындагы төрөтканада дарыгер жардам бербей коюп көз жумган аял боюнча кылмыш ишин Жогорку Сот карайт

Өткөн жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 39 жаштагы Миргүл Жумалиева көз жумган. Анын жакындары окуядан бир жыл өтсө да күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай келгенин айтып чыгышты. Бул боюнча SUPER.KG  порталына бүгүн, 8-июлда Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева: "Айыпталуучу Б.Темирова Нарын шаарынын жана Нарын облусунун судьяларынын айынан жазага тартылбай калган деген маалыматтар чындыкка дал келбейт",- деп билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 7-июлда Нарын шаардык сотуна Б.Темированын көзөмөл иретиндеги даттануусу келип түшүп, анын негизинде ага карата кылмыш иши көзөмөл тартибинде кароо үчүн Жогорку Сотко жөнөтүлүүгө даярдалууда. Жогорку Соттун соттук коллегиясы бул кылмыш ишин карап бүткөндөн кийин өзүнүн юридикалык баасын берет.

Маалымат үчүн: Барчынай Темирова (айыпталуучу) Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп туруп, 2014-жылдын 16-апрелинде болжол менен саат 18:00дө ичиндеги баласы кыймылдабай жана ичи ооруп жаткандыгын айтып келген 6 айлык боюнда бар М.Жумалиеваны кабыл алган. Анын ичиндеги баласы каза болгондугун аныктап, бирок ал өзүнүн кызматтык милдетин талапка ылайык аткарбай, жабырлануучуну аман алып калууга бардык чараларды көрбөгөндүгүнүн натыйжасында 2014-жылдын 17-апрелинде таңкы саат 06:35 чамасында М.Жумалиева каза болгон.

Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан Б.Темировага кылмыш иши козголгон. Айыпталуучуга карата кылмыш иши сотко окуя болгон күндөн туура бир жыл өткөндө, 2015-жылдын 16-апрелинде келип түшкөн. Ал эми сот отуруму 2015-жылдын 20-апрелине дайындалган. 

Ушул жылдын 15-майындагы Нарын шаардык сотунун бул кылмыш иш боюнча соттук отурумунда айыпталуучу Б.Темирова кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жоопкерчиликтен бошотууну суранган. Сотто прокурор Т.Мааткеримов бул өтүнүчкө каршы эместигин билдирип, бирок мөөнөттөрдү текшерүүнү айткан. Шаардык соттун токтому менен айыпталуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, эскирүү мөөнөтү өткөндүктөн жазык иши кыскартылган.

Ал эми Нарын облустук сотунун 23-июндагы аныктамасы менен жогоруда аталган Б.Темирова жөнүндөгү Нарын шаардык сотунун 2015-жылдын 15-майындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле Темирова Б.Э. күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулган.

Иштин жагдайларына караганда, Б.Темирова М.Жумалиеванын каза болуп калуу коркунучу бар экенин баамдап туруп, бирок анын өмүрүн сактап калууга тийиштүү чараларды көргөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде медициналык кызматкер өзүнүн кесиптик милдетин аткарбагандыгы жабырлануучунун өлүмүнө алып келгендиги каралган. Бул берененин санкциясында 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, же болбосо 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Нарындагы төрөтканада 2014-жылы 6 айлык боюнда бар аял каза болгон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
raxatka
2015-07-08 19:16:51
Бул видео эмне жонундо тартылгын?
0
alina79
2015-07-08 20:27:57
Мен да коруп алып журогум ооруп кетти.Келгенде эле жакшылап карашса,операция жасашканда кыз аман калмак,ичиндеги баласы олуу болсо да.
0
Amai
2015-07-08 20:57:38
Абдан уят билбесенер не журосунор адам олтуруп
0
Mikella
2015-07-08 21:58:40
чоо жайын билбей туруп бироону куноологондон алыс бололучу...
+1
Mikella
2015-07-08 21:59:55
Мен торогондо врачтар соонун эле карашкан акча бердиртпей эле
0
Jaka1978
2015-07-08 23:54:00
абдан окунучтуу.явно эле карабай коюптур,кудай озу жазалайт буларды.Миргул жанын жанната болсун!
0
ainur78007
2015-07-09 01:24:29
Кеч болгондо,он чактысы топтолбой,ооруп келгенде эле ошол он чактысы чара корушсо болмок.абдан окунучтуу.Аллахым бейиштен орун насип этсин.
0
kanykey125
2015-07-09 02:46:33
Аябай ыйлагым келди.журогум ооруду.врачтар мынчалык кайдыгер карашты.тырманыып журот го уйундо жургондой.байкуш аялдын жаны ооруп жатса..врачтардын кайдыгерлигинен каза болду деп ойлойм.азыр заманда оорубай врачтарга тушпой турган заман болду го.айыктырбай эле хуже кылышат го.баары эмес.бирок мындайлар коп эле..заманан куруп кетет экен.
+1
nurzada78
2015-07-09 12:33:32
Байкуш кыз аябай кыйналыптыр,жайы жайлуу болсун!Ичиндеги баласы олуу болсо,неге доктурлар кесип эле алып салышпайт,озу чыгат деп кутуп турушат,тушуно албадым!Бойго буткондон баштап,доктурдун козомолундо болгулачы айланайын келиндер жана аялдар!Тороттун айынан канчалаган аялдар коз жумду!
0
jylywka
2015-07-09 13:13:06
Акмактар ушундай врачтар эмнеге иштеп журот деймда,туштон кийин кеч болгондо аракет кылып калышкандарын булардын.Ошол келиндин ордунда оздорунун кызы болсо тируу алып калышмак олуп талып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан