Бишкектин көчөлөрүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин жай, жарым-жартылай жүрүп жатканына мэр дагы нааразы

“Бишкекте жолдорду оңдоо-түзөө иштери жарым-жартылай жүрүүдө”. Мындай пикирин бүгүн, 8-июлда мэриянын кезектеги жыйынында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов билдирди.

Мен шаарды кыдырганда бир катар жолдордун оңдолуп жатканын көрүүдөмүн, бирок ошол эле учурда алардын ирригациялык системдери жана жөө адамдар жүрчү жолдору каралбай турат. Муну кантип түшүнсө болот? Эмнеге жумуштар жарым-жартылай жүргүзүлүп жатат?”- деп суроо салды мэр. 

Кээ бир көчөлөрдө ирригациялык систем жана жөө жүрүүчүлөр жолу долбоорго кирбегендиги билдирилди.

Айта кетсек, быйыл Капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине 51 көчө оңдолот деп кирген. Алардын 20сы борбордук көчөлөр, 31и 1-Май районунда жайгашкан жолдор. Учурда 35 шаардык көчөдө жол тешиктерин бүтөө иштери аяктаган. Дагы 17 көчөнүн оңдоо иштерин “Бишкекасфальтсервис” ишканасы өткөрөт.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-07-08 19:21:39
Ген.планды ачык жарыялаш керек. Эл дагы текшерип турат. Жаман жасалса соц.сеттерден жарыяламак.
0
kubat_1973
2015-07-08 23:32:25
Мен кыдырганда андай эле мындай эле сиз кыдырганда акеси жакшы жагын коргозушот жаманын жашырат.Муну кандай тушунсо болот деп кимден сурап атат озу жасачу жумушун. Суроо салып отурбай иштеш керек биринчи мэр деген. Жыйындарда эле акылдуу болуп суйлоп калбай эл козуно
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан