8-июлда Ош шаарындагы №3, №18 жана №31-мектептердин 8-9-класстарынын окуучуларынан куралган өспүрүмдөрдүн куткаруучулар командасы XIII Эл аралык куткаруучулар мелдешине жөнөп кетти. Мелдеш 9-июлдан 18-июлга чейин Беларусь өлкөсүндө болот.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, мелдешке катышуучу окуучуларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы 2014-жылдын октябрь айынан баштап сынак менен тандап алып, ӨКМнын атайын жайында машыгуудан өткөрүп, даярдап келген. Беларусь өлкөсүнө барып келүү чыгашалары үчүн керектелүүчү 280 миң сом акча каражатын шаардык мэрия бөлүп берди.