Керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 0,2 пайызды түздү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 0,2 пайызды түздү. Мындай кабарды бүгүн, 9-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Улуттук статистика комитетинин баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 5,9 пайызды түзгөн. 

Инфляциялык процесстердин жылдын башынан бери басаңдашы негизинен экинчи жарым жылдыктагы жашылчалардын (28,8 пайызга), сүт азыктарынын, сыр жана жумуртканын (11 пайызга), акшактын (4,6 пайызга) жана эттин (4 пайызга) баасынын төмөндөшү менен шартталды. Ошону менен катар азык-түлүктүк эмес товарлардын жана тейлөөлөрдүн баалары жана тарифтери жогорулоосун улантууда, мурунку жылдын декабрына салыштырганда жалпысынан 4 пайызга көтөрүлдү”,- деди Абдукадирова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан