"Араван районуна караштуу Гүлбаар айыл өкмөтүнүн Керме-Тоо айылында жашоочулар менен кеңешпей туруп канчалаган элдин ырыскысы болгон мал жайы - 150 гектар жерди Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге 49 жылга ижарага берип жатат. Бул жер ата-бабаларыбыздан бери жан багып келе жаткан жер". Мындай маалыматты окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Чоңдор карапайым калкка бул маселени чечип береби деген үмүттө жазып жатам. Айыл өкмөтүнүн башчысы Аравандын акиминен тарта баарын колго алып койгон дешүүдө. Жерди алып жаткан депутат ал жерге бак тигип, тукумуна байлык топтойт экен деп жатышат",- деп жазат окурман.
SUPER.KG порталы окуянын мындан ары өнүгүшүнө көз салып, маал-маалы менен кабарлап турууну улантат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.