ЭЛДИК КАБАР: Токтогул суу сактагычында суу жок, Кемпир-Абадда суу ашканы жатат, болбосо экөө бирдей шартта жайгашкан

Токтогул суу сактагычында абал оор, өмүрү суу тартылбаган аймактан суу тартылып, гектарлаган аймак какыраган жерге айланды. Ал эми Өзгөн менен Анжияндын ортосунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычында (Өзбекстандын карамагында) суу толо. Ал тургай суу Бишкек-Ош трассасына жетейин деп, жээги пляжга айланды. Муну окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Эки суу сактагыч географиялык жактан алганда бирдей шартта. Эмне үчүн биринде суу ашайын деп толуп турса, экинчисинде суу жок көптөгөн жерлер какыраган жерге айланууда?"- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Bek94
2015-07-09 19:09:48
Светсиз кандай жашоо отот анда
+1
ZAIYR
2015-07-09 19:26:30
Кемпир-абад (кампроват) ал Озгндо жайгашкан, ГЭС Озбекстанга карайт суу сактагычы Кыргзстандын ичинде. Биздин Кароол айылга суу жакындап 3 км калды. Эгиндерди суу алып жатат. Кепир-абадка Кара-дария, Ясы дариясы агып келип кошушулат ал дариялар Кара-кулжа, Алайкуу Кыргыз-Кытай чек арасынан аагып келет.
+1
Bekzamann
2015-07-09 19:31:41
Биздин чондордун шалаакылыгы да деги бизде акыл эси соо чондор барбы.??? Эн биринчи байлыгыбыз суу болсо аныда эптеп пайдалана албасак... Сууну саткан арам тамактарга каргыш тийсин...
+2
Rahim76
2015-07-09 19:37:56
Смарфонду бериш керек Эн жакшы макала эки суу сактагычты салыштырып.Кенири баяндалган .
+2
ZAIYR
2015-07-09 19:42:42
Кемпир-абадка 3 жактан суу агып келип кошулат. 1 Куршап дарыясы 2 Кара-дарыя 3 Ясы (Жазы) дарыясы кошулат.
+1
jetinur90
2015-07-09 20:48:06
Ошол учооно дагы учоону кошкондо да Нарынга аран тен келет. Бул акмактар сууну сатып чонтоко тыгат да,токту мамлекеттин эсебинен сатып алат. Раззаков,Исанов,Осмоновдой бир жетекчи келсе кичинекей мамлекет тез эле онугот.
+1
kuban_korumbaevich
2015-07-10 12:14:07
jetinur90, сууну сатып жатканын кайдан билесиң. Же көзүң ачыкпы. Кантип сатат түшүндүрүп берчи.
-1
33SUUN
2015-07-09 21:42:25
Бул суу сактагыч аймактардын географиялык тузулушунун айырмасы ат менен тоодой.Акылдуу боло бергендерге айтаар элем,бирок орозо айында айтпай эле койойун.
0
asilkg
2015-07-09 21:44:34
Кемпир абад суу сактагычынын пайдасы 100% озбектерге тийет менин угушумча суу турган жердин баары кыргызстандыкы болгон зыяны дагы чон ылдыйкы айылдардын жерлеринен суу чыгып Кемпир абаддын кесепетинен жер иштетууго болбой калган Озгондуктордун айтымына караганда суу сактагычты кээ бир жылдары коп толтуруп коптогон улуш жерлерин суу каптап шалы талааларын чайпап кеткен учурлар коп кездешет экен. Мейли СССР дин убагында Ленинабады азыркы (Хонабад) Узбекстанга берди дейли эмне учун суу турган жер
+1
asilkg
2015-07-09 21:48:07
Уландысы: жерлерди дагы берип койгон былтыр эле Кара Суудан агып откон Савай каналын суугаруу мезгилинде токтотуп канчалаган дыйкандарга зыяны тийди айта берсен соз коп.
+1
ZAIYR
2015-07-09 22:06:10
Мындай да: эгер Кемпир-абадта жана Токтогул суу сактагычында суу толо болгондо, тиги эки ГЕСти толугу менен ачып ийгенде Озбекстандын 60% суу астында калып жок болот. ХХХ.)
+1
bek_sarai
2015-07-09 22:55:02
сат сат сат колтугундагы жунунду сат тварлар
0
kuban_korumbaevich
2015-07-10 12:15:37
bek_sarai, ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө.
0
Odik11
2015-07-09 23:25:40
Калк айтса калп айтпайт!!! Элдик кабардын пайдасы байкала баштады,Токтогулдан барбы бул жерде,тартып жоноткуло салыштыралы.
+1
Nur1k_
2015-07-10 02:51:22
Смартфонду ута турган жанылык экен)))
+1
ilikgosh
2015-07-10 17:41:40
Кемпир абадды тиги акмактар сата алышатдаа
0
ilikgosh
2015-07-10 17:42:56
Токтогулда миллиондогон долларлады алып атышатда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан