Талас районунун Кызыл-Туу айылында бала бакчанын имараты даярдалган. Үч-төрт жылдан бери мына ачылат деп айтылып, бирок ачылбай келет. Кезинде элден акча чогултулуп, бала бакчага бара турган балдардын ата-энелеринен 5000 сомдон алышкан. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Менин эки балам бар, айылдагы ФАПта иштейм. 4000 сом айлыгым эч нерсеге жетпейт. Эптеп эки балам бала бакчага барсын деп 5000 сомдон 10 000 сом бергем айыл өкмөтүнө. Бир жыл болду, бала бакча ачылган жок. Балам мектепке барайын деп калды”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.