Бажы кызматы: “Учурда кыргыз жергесиндеги Бажы-өткөрүү пункттары ЕАЭБге толугу менен даяр”

Учурда кыргыз жергесиндеги бажы өткөрмөлөрү Евразиялык экономикалык биримдикке толугу менен даяр. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБ комиссиясы өткөрмө пункттарын текшерип, талапка жооп берет деп жыйынтык чыгарууда.

Жакында кээ бир массалык маалымат каражаттары "бажы өткөрмөлөрү такыр даяр эмес" деп беришкен. Бул маалыматтар толук эмес, анткени даярдыктар жарым-жартылай бүткөрүлгөн болчу. Болгону Орусиядан келген жабдыктар орнотула элек болгон. 30-июнда биз керектүү делген документтерди расмий түрдө ырастап, азыркы күндө ЕАЭБге болгон даярдыктар жүз пайыз бүткөрүлдү”,- деди Сулайманов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kamyr26
2015-07-10 12:41:35
А тузук
+2
Medina87
2015-07-10 12:44:49
ЕАЭБке качан толук кандуу кошуулуну кутуп канчалаган адамдарыбыздын эки коздору торт.
+1
st1m_
2015-07-10 13:39:50
Medina87, Орусиядан келген жабдыктарды орнотпой кечиктирип атыпсынар сатып ийип болушо салып (конгон адатка салып) уят кылып журбогуло деги.
+2
okumushtuu
2015-07-10 14:12:05
ошо кымбат сатып ордуна кытайский арзан алып ортонуп жатышыптыр бутойун деп калышыптыр
+2
st1m_
2015-07-10 13:41:41
Medina87, кечириниз сизге жооп кылып кетирип алапмын
+2
Aza96
2015-07-10 14:28:00
Отсо кыргыздар баары кочуп кететго дейм ,Кыргызстана ким калар экен кызык. Королучу кана дагы убакыт бар!!!!
+1
Pazyl
2015-07-10 23:40:55
Ушул томожныйын еаэб ларын кутто берип кундор айларга айланды енди айлар жылдарга айлана баштады ратификация дан отсо. Болду дешкен еле анысы отсо енди президенттер колкоюшу калыптыр андан кийин дагын емнени айтат екен ойлонушуп жатса керек енди эмне деп алдасак екен деп
+1
Medina87
2015-07-11 00:41:59
Мен Алматыда иштегендиктен кирди - чыкты деп миграционканы жанылоодон тажадым. ЕАЭБ ке кируунун кечендешине бийликтегилерди куноологум келбейт. Себеби; Алар да колдон келген аракетин коруп жатышат. Ошентсе да....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан