Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна Казакстан 3,5 миллион доллар бөлүүдө. Муну бүгүн,10-июлда пресс-тур учурунда аталган мекеменин директорунун орун басары Асан Кыдыргычов билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттар өлкө аймагында жайгашкан 24 лабораторияны оңдоп-түзөөгө жана адистердин квалификациясын жогорулатууга жумшалат.
“Жалпысынан республика боюнча биздикиндей лабораториялар 26, алардын экөөсүн оңдоп-түзөөгө Орусия каражат бөлсө, калганын жакшыртууга Казакстан жардам берүүдө. Учурда лабораториянын Бишкектеги филиалы аккредитациядан өттү, даярдыктар Ошто жана Нарында өткөрүлүүдө. Аттестациядан өтүү деген биздин айыл чарба өсүмдүктөрү жана мал-жандыктар тиешелүү текшерүүдөн өтүп, баары жакшы болсо, чет өлкөгө сатууга жөнөтүлө алат дегенди билдирет”,- деди адис.