ЭЛДИК КАБАР: Оштун кире беришиндеги айлампанын тосмолору кыйрап жатат

"Ош шаарынын кире беришиндеги айлампа жолдун ортосундагы тосмолор кыйрап калган. Буга шаар бийлиги көз салып койсо болмок". Мындай пикирин окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады. 
"Улуу Жибек жолунун так ортосунан орун алган ушул айлампа аркылуу Ош шаарына миңдеген коноктор кирип-чыгышат. Тосмонун ичиндеги жашыл чөптөр куурап турганы аз келгенсип, жергиликтүү тургундар ушул жердин кара топурагын казып кетишет. "Эшигин көрүп төрүнө өт" деген сөз бар. Анын сыңары, шаар бийлиги ушул жерди заманбап үлгүдө жасап койсо болбойт беле?.."- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
KUMTOR1
2015-07-11 21:17:01
Мелис мырза болгондо мынтип турмак эмес эле!
+12
aiza_84
2015-07-11 21:59:22
Азыркы мэрдин жузуго деги эле азыркы бийликтин жузу бул,мурда Мелис мырза мэр болуп турганда Ош зынкыйып турчу эле ,Мелисти кызматтан алгандарга фууу фууу
+10
dinooou
2015-07-11 22:08:03
Кокууууй,ошо алакандай жердин чөп чарын оруп,жакшынакай кылып гүл тигип,чыкыйтып тосуп койсо болмок экен. Өтө эле кайдыгер болуп баратабыз.
+5
edu.kg.
2015-07-11 23:21:49
Мелис Мырзакматовдун кадыры эми билинип атканго. Ал болсо дагы да онукмок. Азыркы мэр болсо акча жок дегенден башканы билбейт,тандап джип мингенин кантесин.
+9
kubat_1973
2015-07-11 23:43:43
Жоголгон бычактын сабы алтын кылып Мелис аке антмек Мелис ака минтмек деп олтура берели Ош шаары четинен талкалангыча.Ошто Мелистен башка бычакка сап эч Ким жокпу Ошо кенедей тосмону ондотуп койчу.
+5
bosmos777
2015-07-11 23:52:40
kubat_1973,Эн туура!
0
Mr...Baha
2015-07-12 02:00:00
Бул айлампа Фуркатта жайгашкан. Фуркат шаарга эмес Кара-Сууга карайт. Так что жаны мерди жамандабайлы!
-9
Kroxa
2015-07-12 03:05:25
Mr...Baha, туура айтасын,Аран турушатда угалбай эле
-10
joni.joni
2015-07-12 06:58:21
Mr...Baha, не кара суу кыргызстанга кирбейби?Эгер ушул жерди мактап жазган болгондо башкача суйлойт болчусунар.Жаман жер же жаман адам деп койсоле тескери карап.аты чыккан адамдарга жагынганыбыз качан токтойт.Кун карамага окшоп каяктан кун чыкса ошол жакты караганыбызды токтотолу.
+5
Mr...Baha
2015-07-12 10:47:07
joni.joni, Кыргызстанга кирбейт дедимби? Просто билип билбей бироону жамандап не кереги бар. Ал негизи Кара-Суу районунун акими кыла турган иш! Мен бул созум менен жаны мерге жан тарткан жерим жок, ал деле жакшы иштегенге аракет кылып жатат!
-3
aiturgasha
2015-07-12 09:20:27
кара сууга тиешелуу болсо да оштун кире бериши ушул жерден башталат. чоп оскон жерди тазалап,бажырайтып гул эгип койсо болот. буга биринчи чондор куноолу. мэр болуп иштеп акча алып жатавы демек иштеш керек
+6
marmiladka9
2015-07-12 10:04:48
Азыркы Оштун абалын корсонор мышык ыйлай турган. Кайда барба бардак. Мэрибиз ойдо жакты тиктеп эле отургандай сезилет. Мелистен айланышсын анын кылгандарын баарын чекеден мурунку кейпин кийуудо. Бир мисал ушул айлампа. Айтмамат мэр деле отуп аткандыр ушул жерден. же козун жумуп ото бекен кызык! Мелисти кутуп жатат Ош шаары! бул чындык туугандар!
+4
semakg
2015-07-12 10:46:06
Мен Мелис Мырзакматовду колдойм аны бугунку кундо Оштуктар кутуп жатат. Жаны мер жакшы иштей албайтат бул чын. Бирок бир нерсени акыйкат учун айтайын. Ош шаары аркадан башталат. Ушул жерди Мырзакматов шаарга откоруп арканы ушул жерге куралык дегенде бийлик колдогон эмес. Бул жер Кара-суу районунун Шарк айыл окмотуно карайт Фуркат айылы. Кара-суу бай район акими Тилек Матраимов менен Шарк айыл окмоттун башчысы Арстан Жолдошов каякты карап журот. Же СДПКнын угут ишинен бошобойтабы?
+4
SRT
2015-07-12 12:17:44
semakg,Алар дагы кайсы жерди трансформация кылып сатсак экен деген ойдон бошобойт. Болбосо жергиликтуу кенештин депутаттары (4 депут.) ошонун жанында жашашат. Аны ондоп кою тушуно а кире элек болуш керек.
+3
Decmond
2015-07-12 14:05:30
Дагы бир аз кырылышсанар пайда чыкчуудай болуп турат
-3
Bekzamann
2015-07-12 17:01:31
Мелис президент болуш керек омиин.
+2
st1m_
2015-07-12 18:49:47
Bekzamann, Мелис акан бир копуронун проектисин тузуп ишин баштагыча эле 620миллионду отоп кетиптир. Президент болсо бир облусту оптом уруп ийип конгон адатына куйрукту туйбойбу. Кой укам ишин бааласанар оз айылынарга эле айыл башчы кылып алгыла, президенттикке кечирип койунуз.
-3
semakg
2015-07-12 20:26:28
st1m_, Ошол копурону азыркылар узунун 100метрге туурасын 3метрге бийиктигин 5метрге кыскартып астындагы жер астынан жоо жургунчу отчу отмокту (подземный переход) алып салып болгону 20миллион сом уномдошуптур. Ошол эле убакта курулушу 1жылдан ашык кечигип карапайым эл 20млн.дон коп зыйан тартты.Логиканы иштетчи бираз.Жаны копуро берки эски копуро сыяктуу эки башы подъем ортосу ийилген болот.
+4
nurik838383
2015-07-14 14:20:41
st1m_,эл билет да Мэлистин кандай адам экеин. жаман чычаладынго калк айтса калп айтпайт деп койот
+1
EdikoKG
2015-07-13 16:17:55
Эшек аркандай турган жай болуп калыптыр. Шаарыбыздын босогосу ушундай болсо... Уят!
+2
Minhi
2015-07-13 18:41:48
Оштун мэри гилтейип кайда журот?ушундай мелоч иштерди да ондоп койсо болот асманга эле умтулбай жерди да карап койгула олсонор ошол жерге коюласынар асманга учуп кетпейсинер
+2
Ayka1994
2015-07-14 12:00:36
Эххх маалыматты окуп суротун коруп алып жаным кейип кеттиго чиркин. 3000жылдык тарыхы бар ОШ шаарбыздын абалы кундон кунго онукпостон боксоргондон боксоруп жан кейиштуу корунуштор абалдар пайда болууда. Коз салып карасак элибиз да ,жаны мэрибизда кун отсо болду эптеп жашап турсам экен болуп калыптыр. Ош жаштардын шаары,билим очогу болгон сон заныратып жаркыратып койсо болмок. Super.kg кирген жаны мэрдин жанындагылар элдин нааразылыгын айтып койсонор жакшы болмок
+1
Timyr58
2015-07-14 14:27:58
Урматтуу эл журт бул айлампада бир дагы светофор жок ошол учун коп авария болот. Бул жерден жоо адамдардын ары бери отуусу чынында ото кооптуу. Анан дагы сырттан келген адам Ош шаарына киргендигин ушул жерден билет. Оа Кара суу районуна карайт бирок Кара Суу дагы кыргыз жеринин ажырагыс бир болугу да Анда тиги Ош шаары деген жарнакты Аркага жазып койушсун туурабы ? Туугандар бул ото чон маселе менимче муну бийлик Жакшы жагына чечип бериши керек заманбап шартта жасаш керек туурабы туугандар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан