ЭЛДИК КАБАР: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы жүргөн сел айдоо жерлерин жууп кеткен

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылында 16-июнда 15-20 мүнөттүк жааган мөндүрдөн кийин сел жүргөн. Сел 3 турак жайды, 83 гектар жер аянтын каптап кетти. 11-июлда окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлагандай, анда көп жылдык чөп жана эгиндер суу алдында калып, зыянга учураган. "Суунун чоң келгендигине байланыштуу чогулган 50-60 кишинин колунан эч нерсе келбей калды. Сууну карап эле эмне кыларыбызды билбей калдык. Айдоо жеринин бетин 10-15 сантиметр баткак басып калды. Ал жерлер кийинки жылы эмне болору белгисиз. Элдин эмгеги сууга акты",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rahali
2015-07-12 15:34:21
Аябай катуу болуптур кудай сакта
+2
nelya88
2015-07-12 15:47:38
Жаман болуптур,сабыр кылыныздар эми. Озунуздор аман болсонуздар башкасы буюрса ордуна келээр.
+1
Rifle
2015-07-12 16:03:04
тилсиз жоо
+1
Maksat81
2015-07-12 16:49:45
Нарындын эли сабырдуу келет эмеспи, башка жакта мындай кырсыктар болуп кетсе эчак эле мчс жетип келмек.
+1
nurshoola
2015-07-12 23:15:42
16-июнда жааган дейби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан