ЭЛДИК КАБАР: Сүлүктүдө жаш балдар тоо боорундагы чабылган чөптү өрттөп салышты

Сүлүктү шаарындагы Серпая талаасында жаш балдардын айынан элдин тракторго чаптырып койгон чөптөрү күйүп кетти. Жаш балдар ширеңке менен ойноп отуруп талааны өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу окурман бүгүн, 12-июлда кабарлады. 
"Ата-энелер балдарына катуураак тарбия беришпейби? Элдин канчалаган эмгеги текке кетти?!"- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
BAYAW-KG
2015-07-12 19:36:59
Элдин эмгегине дуба тийгенби дейм эмне болсо эле элдин капчыгынан кетип жатат...
+1
Koshaly
2015-07-12 20:22:50
ай ким билет ким билет
0
kuba1
2015-07-12 20:30:28
атын чыкпаса жер ортто болгон турбайбы жаман емес
-3
Nusii
2015-07-12 20:39:13
жаш балдарды кароосуз калдыргандын кесепети
+2
damir007
2015-07-12 22:00:22
Муну атайын орттогон, жакшы чыкпаган чопту тубун орттосо кийинки к\жылы коюу анан жакшы чыгат. Биздин айылда деле ушундай кылышчу...
+1
Bermet_Kasymova
2015-07-13 00:01:50
Калп эле куйумдуу боло беришет да! Алар эмне буту басып калган баланы даракка байлап коюшмак беле?! Бала деген бала да! Но шеренкени карматканы туура эмес
+2
jon_jurom_emi
2015-07-13 00:04:02
Анан? Бала болсон шок бол шок болбосон жок бол
0
33SUUN
2015-07-13 00:07:37
5_6жашка чейики балдар чопту орттосо жакшы,андан чондору орттосо анда Айла жок.Жаратылыш ортсуз эч качан озгорбойт.Элдин чобу табылат,баланын конулу табылбайт.
+3
gulmi
2015-07-13 01:51:54
33SUUN, баланын конулу кайра калыбына келбес нерсе,эчкимге корсотпой,мандай-тескей олтуруп алып, тушундуруп,жакшы соз менен тарбиялаш керек.Байкуш балдар эчак кок ала болушту го.Элибизде бирдемке болсо балага жаман соз айтып,сабаган салт.Биздин ата-бабаланыбыз балага жаман соз айтпай "байболгур" деп урушушкан.
+2
sobr_89kG
2015-07-13 00:13:44
Элдин меенети талаага кетиптир кандай кыйынчылык менен чабылат эх бала бала баланын иши чалаа
0
gugu2727
2015-07-13 01:52:44
Сулукту кыргызстанга карайбы
-8
AiBoru
2015-07-13 03:18:58
gugu2727, географияны жакшы оку. Кыргызстанды жакшы окуп билбесен..... башкадан умут жок!
+3
sagyn01
2015-07-13 04:09:46
gugu2727, мурда индияга карачу 1970-жылы согушта Кыргызстан тартып алган)) атан гору катту согуштук))
+7
Medina87
2015-07-13 06:09:35
Акыркы комменттерге кулуп жыргап алдым. Ал эми чоп орттонсо балдар деле атайылаган жок болсо керек. Оюндан от чыгат... болгон окшойт.
+2
Nusii
2015-07-13 10:55:33
Сулукту Кыргызстанга карайт!!! Баткен областында! Лейлек менен чектеш! Кыргызстан бою СССР биринчи Сулукту шаарында орногон!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан