Жаңы конуштун тургуну: “Бишкек менен анын конуштарынын ортосундагы жашоо айырмачылыгын жоюу керек”

“Бишкек менен анын конуштарынын ортосундагы жашоо айырмачылыгын жоюу керек”,- дейт бүгүн, 14-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө Алтын-Казык конушунун тургуну Замирбек Абдылдаев. Анын айтымында, конуштарда тургундардын каттоосу жок болгондуктан, жумушка орношо албай же медициналык жардам ала албай жүрүшөт.

1989-жылдан бери Бишкектин тегерегинде 47 жаңы конуш пайда болгон. Аларда жалпысынан 500 миң адам күн кечирип келет. Бизде социалдык чечилбеген маселе көп, мисалы, план боюнча 63 бала бакча курулат делген. Бүгүнкү күндө алардын алтысы гана салынды. Мындан тышкары 300 чакырым жолго асфальт төшөлөт делген, учурда 30 чакырымдын гана тегерегиндеги жол салынды. Эң башкысы, тиешелүү документи жок болгондугуна байланыштуу 50 миң кыргыз жараны шайлоого катыша албай калат. Бизде кедейчилик өкүм сүрүп келет. Газ, суу деген нерсе жок. Конуштардын жашоочулары деле өлкөбүздүн жарандары, аларга эмнеге мындай мамиле жасалары түшүнүксүз”,- деди тургун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle
2015-07-14 11:40:39
Учурунда жер басып алып конушка айланган эле, эми талаптар пайда болду.
+1
nelya88
2015-07-14 12:21:57
'Москва не сразу строилась'- дегендей,убакыттын отушу менен маселенер чечилээр..
0
kubat_1973
2015-07-14 18:18:34
Деги ушул бардак качан токтойт.Окмоттун айткан дегенин эч укпай жер басып ал там сал анан кайра свет бербейт суу жок бул эмне деген окмот деп догун арт.Мыйзамдын чегинде алсан жерди окмот чечет эле да жер басып алып ала коюп эптеп бир нерсе тургузуп алып анан кайра башкаларды куноолош анык келесоонун иши го.
0
st1m_
2015-07-16 00:07:17
Ушулардай басмачылардын айынан Бишкектин кейпи кетти. Жерди законсуз басып алды кайра догун артат. Буларга эч ким милдеттуу эмес свет, суу бергенге.Жакпайбы айылына уй салып алып жаша закондуу бул жакка эч ким зордоп алып келген жок сени. Законсузбу турттуруп сал уйун, закондуу жерден элдей болуп уй сатып алып жашасын, свети суусу бар жерден догун артпай.
0
derzkiy
2015-07-16 11:05:16
Басып алгандардын үйлөрү фундаменттери менен кошо түртүлүп кыйратылган илгери эле. Буларга жерлер закондуу түрдө генпланда жазылгандай берилген. Же эмне 47конуштун баары басып алыптырбы, кичине акылынар менен ойлонсор боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан