Ак-Талаа районунун Баетов айылында кассирге кол салгандардын унаасы табылып, биринин аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу 14-июлда
Whatsapp аркылуу
SUPER.KG порталына
Байысбек аттуу окурман кабарлады. Ал билдиргендей, бүгүн кылмышка шектүү делип жаткан эки жарандын
Хундай Руду үлгүсүндөгү унаасы Баетов
айылына жакын жердеги айылдардын биринен табылды. Ошондой эле биринин аты-жөнү аныкталды. "Милиция кылмышка шектүү аталган айылда жашап кеткен 1990-жылы туулган Талантбек уулу Самат экенин тактады",- деди окурман. Айта кетсек, кечээ, 13-июль күнү аталган райондун Байысбек аттуу тургуну
SUPER.KG порталына кайрылып, Каныбек Мамытбеков аттуу кассирге кол салуу болуп, аны менен чогуу бараткан сакчынын бутуна ок тийгенин кабарлаган. Кассирдин жанында болжол менен 2 миллион сомго жакын акча болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.