Бишкектин Эркиндик бульвары менен Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротурага шаар тургуну курулуш материалдарын төгүп салды. Буга тынчсызданган окурман 15-июлда Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кайрылып, мындай аракеттерге Бишкек мэриясы тарабынан тезинен чара көрүлүүсү керектигин өтүндү. "Мунун айынан жөө адамдар төгүлүп жаткан кумду айланып, унаа жолу менен өтүшүүдө. Унаалар катуу ылдамдыкта келатып кокустан бирөөнү сүзүп кетсе ким жооп берет?"- деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.