Барселонанын вице-мэри Антони Вивес Томас Бишкектин өнүгүүсү үч нерседен көз каранды экенин SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, биринчиден, шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу керек.
“Бишкекке мен биринчи жолу келдим. Бул жерде элдин начар жашоосунун бирден-бир себеби - өнүгүү технологияларынын иштебей жатышы. Экинчиден, инвесторлорду көбүрөөк тартып, Бишкекти бутка тургузуу кажет. Үчүнчүдөн, бардык эле шаарлар үчүн керектүү нерсе - билим берүү жана билим алуу тармагын жакшыртуу.
Ошол эле учурда менин байкаганым, сиздердин шаар абдан жашыл экен. Аны бүгүнкү турпатындай сактап калыш, албетте, сиздердин колуңуздарда”,- деди чет элдик конок.