Бишкекте согушчандардын башкы максаты ишке ашкан жок
* 16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 9 согушкерди кармоо үчүн атайын операция жүргүздү. 2 саатка созулган кармашууда 4 согушкер колго түшүрүлүп, 5 согушкер ошол жерден өлтүрүлдү. УКМК кармалгандарды суракка алып, алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерде, Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасында жардырууну пландашканын жарыялады.
* 17-июль күнү УКМКнын атайын тобу атышуу болгон жайда иликтөө
жүргүзүп, жардыруучу зат даярдоо үчүн керектүү жарым тонна аммиак
селитрасын, чоң суммадагы акча, Калашников жана АКСУ үлгүсүндөгү 7 автомат,
Макаров үлгүсүндөгү 5 тапанча жана көптөгөн жардыруучу заттарды табышты. Ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегин да табышкан. Алгач колго түшүрүлгөндөр бешөө экени айтылса, бул
күнү кармалгандардын саны 7 адамга жеткени кабарланды.
УКМК: "Согушкерлердин лидери - казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров"
* УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат
Сулайманов: “Террордук топтун башында
Казакстандан качып келген кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталды. Ал чабуул учурунда үйдүн ичинде атылып өлтүрүлдү. Ал баштаган топтун 7 мүчөсү эки операциянын жыйынтыгында (ред. ушул эле күнү шаардын башка аймагында да террорчуларды кармоо операциясы жүргөн) жок кылынды. Колго түшкөндөр сурак беришүүдө.
Ошондой эле учурда атайын
кызматтар жашыруун террордук уюмдун башка дагы активдүү мүчөлөрүн издеп табуу
боюнча оперативдүү иш-аракеттерди жүргүзүшүүдө”,- деди.
Казакстан айрым маалыматтарды четке какты
Ушул эле күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору Жанболот Амиров тууралуу айтылган айрым маалыматтарды төгүндөп, атайын билдирүү жасады.
"Алар радикалдык үгүттүн таасири астында Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү чечишкен. Бирок алар Казакстан аймагында террордук уюмду түзүп, жетектешкен эмес",- деп айтылат билдирүүдө.
* 27 жаштагы Жанболот Амиров жогорудагы
тагылган айыптар боюнча Чүй облустук соту тарабынан 3 жылга кесилгени
маалымдалган. Ал өнөктөшү, 24 жаштагы Альберт Абхин менен жатак-абакка барбай койгону үчүн аларга
издөө жарыяланган.
Биринчи жолу колго түшүрүү операциясында кылмышкерлер качканга үлгүрүшкөн. Кезектеги операция 1-июлда өтүп, анда Альберт Абхин өзүн өзү жардырып салган.
Террорчу делгендердин айрымдары кыргыз өлкөсүнүн жарандары
* Ал эми УКМКнын атайын жоокерлери менен кармашууда каза болгондордун экөөсү Нарын облусунун тургуну болуп чыкты. Биринчиси 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (каймана аты - Тоха) болсо, экинчиси - 1978-жылы Нарын шаарында туулган Канатбек Усубалиев.
* Каза болгон кыргыз жарандарынын жакындары 18-июлда УКМКнын алдына алардын сөөктөрүн берүүнү талап кылып чыгышты. Тариэл Жумагуловдун бир
тууган иниси Чыңгыз Жумагулов SUPER.KG порталына агасы террордук топко
аралашпаганын айтат:
“Агам эч кандай террорист болгон эмес, жакшынакай эле турмушун улантып жүргөн. Күнөөсүз эле адамды өлтүрүп коюшту. Беш убак намаз окуп, дин жолунда түз жүрчү жана дүкөн иштетчү. Артында 3 баласы калды, жеңем кош бойлуу болчу, 2 айдын ичинде төртүнчү баласын жарыкка алып келмек.
Бишкектеги өлүк сактоочу жайда сакталып турган сөөгүн көрүп чыктым. Бүтүндөй денеси бөлүнүп кеткен. Жоокерлер аларды тирүүлөй кармоонун ордуна коркуп, аткылай беришиптир. Сөөктү бербей жатышат, боз үй тигип айылдагылар үч күндөн бери күтүп отурушат”.
* Ал эми 37
жаштагы Канатбек Усубалиевдин атасы Аманкул
Итибаев да баласы күнөөсүз өлтүрүлгөнүн айтат. Айтымында, уулу курулуш
тармактарында иштеп жүргөн жана 2 кыздын атасы болчу.
“Балам бирөөнү “сен” деп сүйлөгөн жан эмес. Бейкүнөө өлтүрүп салышты. Беш убак намаз окучу жана жылына 150 күн орозо кармачу”,- дейт атасы.
Бирок каза болгондордун сөөгү туугандарына берилген жок.
* УКМК тергөө жыйынтыгы бүтмөйүнчө деп каза болгондордун калгандарынын аты-жөнүн билдире элек.
* Бүгүн, 20-июлда "Манас" аэропортунан Бишкектеги согушчандардын иши боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен байланышы бардыгы аныкталды. "Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирет мекеме.