Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл элине "шайтан менен биригет" делген саясатчы тууралуу айтып берди

“Буга чейин кыргыз эли өзүнүн жерин берип коюп кимдин гана алдында тизелеп, кор болуп жүргөн жок. Андай болбойт, туугандар. Кудай буюрса, өлкөбүз бутуна туруп бара жатат. Башкысы, ынтымакты сактайлы”,- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июлда Балыкчы шаарында Бишкек-Балыкчы жолунун оңдоодон өткөн бөлүгүн ишке берүү аземинде. 

Президент жарандарды бузукулардын айткандарына ишенбөөгө чакырды. Эл бузарларга эч качан ишенбегиле. “Саруудагы экология” деп эки жигит кыйкырып жүрүп, элдин баарын алдады. Канча жигит камалып кетти, чындыгында, ал эки жигиттин максаты акча болуп чыкты. Азыр деле бакылдап жаткандардын артында ким турганын билебиз. Алар белгилүү саясатчылар. Жалданмаларды түртүп коюп, өздөрү жашынып отурушат. Биздин сасыган саясатчылардын арасында “мандат үчүн шайтан менен биригем, кыргыз мамлекетин жайлайм” дегендери бар. Аларды токтотуш керек”,- деди Атамбаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан