Чүй облусунда унаа тыгындарын алдын алуу максатында иш-чаралар өтүп жатат. Бул боюнча облустук ЖКККБ билдирди.
Ага ылайык, бүгүн Бишкек-Алматы-Ташкент айланма жолунун 232-чакырымынын 238-чакырымына чейинки аралыкта төмөнкүдөй жумуштар аткарылды:
Иш-чаранын жүрүшүндө өзүм билемдик менен жол жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жана курулуш курган жарандар аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесине ылайык 3000 миң сомдон протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.