Бишкек – Торугарт унаа жолу сапатсыз салынууда, бүтө элек жатып жаракалар кете баштады. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-июлда кабарлады.
“Аталган унаа жолу 3 жыл мурун эле оңдоло баштаган. Учурда Долондон баштап Нарынга чейин оңдоп жатышат. Көңүл бурчу нерсе, жол сапатсыз салынууда. Бүтө электе жаракалар кете баштады”,- дейт окурман.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.