Малайзиялык журналисттер кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлери жөнүндө репортаж даярдашууда

Малайзиянын алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кыргыз жериндеги иш сапары уланууда. Чет өлкөлүк журналисттер кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган репортаж даярдашып, өлкөнүн кызыктуу жайларына, каада-салттарына кызыгышып, жергиликтүү тургундардан интервью алышууда.

Коноктор 25-июлда Чүй облусундагы “Бурана” тарыхый комплексине, Ысык-Көл облусунун кооз жерлерине барышты. Учурда Ысык-Көлдө эс алышууда, жакынкы күндөрү башка кереметтүү жерлерди кыдырышат. 

Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (The Star”)кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада көрсөтүү жана тааныштыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arti
2015-07-27 10:42:37
Ооо соонун экен. Ийгилик!
+4
Rifle
2015-07-28 01:28:08
Барып сый коруп келгендер , жакшылап чуркашып койсо болмок экен .
0
Alexus
2015-07-27 11:19:46
Кыргыздын Ала-тоолорун коруп тан калып жатышса керек тушуп кетсе эмне болот деп :))))))))
+1
Bekchoro
2015-07-27 12:46:46
Бечара Малайзиялыктар дагы жакшы экен. Мейманканадан жакшы сый корбосо да маанайларын чоктурбостон жер бетиндеги бейишти кыргыз олкосунун кооз жерлерин репортаж даярдап жатышат.
0
Guka_kg
2015-07-27 14:42:54
Озубуздун жерибиз абдан кооз!
0
stimyl.kg
2015-07-27 15:02:36
Маданиятту олконун адамдары да,мейманканадан жакшы каршы алышпады деп маанайларын бузушмак беле. Бул жакка келген максатарын оорундап репортаж даярдап жатышат да
0
RASTAMAN
2015-07-28 07:31:42
Iwke kyzuu kiriwkengooooo
0
ertur
2015-07-28 10:42:17
Малайлыктарды аябай чардатыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан