2015-жылдын жылдын 6-августунда саат 12:00дө "Park Hotel" мейманканасынын чоң залына саясий партиялардын жетекчилери чогулуп, төмөндөгүлөрдү камтыган макулдашууга кол коюуну сунуштайбыз.
"10 принцип":
1. Шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө демократиялык шайлоолордун принциптерин жана нормаларын сактоо;
2. Шайлоо процессинин бардык катышуучуларын сыйлоо менен шайлоону ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде эркин, адилет жана калыс өткөрүүнү жөнгө салуу;
3. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жетекчиликке алып, экономикалык туруктуулукту жана жашоочулардын саясий, топ ичиндеги, ошондой эле жеке кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу;
4. Шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө улуттук, диний жана социалдык араздашуулардын, экстремизм жана ксенофобиянын келип чыгуусун шарттаган технология жана ыкмаларды болтурбоо жана ага каршы туруу;
5. Саясий партиялардын жана шайлоо процесстеринин башка катышуучуларынын дарегине карата такталбаган жана жалган маалыматтарды таратууга, укуктук жактан туура эмес технологияларды колдонууга жол бербөө;
6. Ар бир шайлоочунун шайлоо эркиндигине болгон укугун сыйлап, коркутуу жолу менен шайлоочунун тандоосуна шек келтирип, кысым көрсөтпөө:
7. Шайлоо учурундагы талаштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап, укуктук талаада чечүү;
8. Шайлоо комиссияларына басым көрсөтүүдөн баш тартуу;
9. Шайлоо чөлкөмдөрүндө жана аймактык шайлоо комиссияларында кесипкөй байкоочуларды даярдоону камсыз кылуу;
10. Шайлоо өнөктүгүнүн бардык этаптарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тыкан коомдук көзөмөлдөөнү ишке ашырууну камсыз кылуу.
Долбоордун координатору :
Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Ата Мекен" фракциясы.
Жооптуу катчысы:
Калыс Боронбаев, телефон номери: (0559) 77-55-26.