Өмүрбек Текебаев: "Эгерде бүгүнкүдөй жол менен бара берсек, биз кайрадан 2010-жылга чейинки диктатурага жана соттук баш аламандыкка толук келип калышыбыз мүмкүн”

26-июлда Ош улуттук драма театрында "Ата Мекен" партиясынын облустук конференциясы өтүп, ага миңден ашык делегат жана меймандар катышты. Алардын катарында “Улуттар биримдиги” партиясынын, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын, үй куруучулардын, Орусиядагы мигранттардын ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Чыгармачыл интеллигенциянын атынан “Айтыш-фильм” киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз, журналист Шайырбек Абдрахманов болду. Катышкан коноктор эмне себептен “Ата Мекен” партиясын тандап алышкандыктарына токтолушуп, партиянын кыргыз өлкөсүндөгү эң алгачкылардан болуп негизделген партия экендигин, партия өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында бай саясий тажрыйба топтоп, адилеттик үчүн өз учурунда башкаруу режимине каршы күрөшүп, 2005-2010-жылдары элдик көтөрүлүштү жетектөөнүн башында турганын айтышты.

“Ата Мекен” түзүлгөн күндөн баштап өзүнүн принциптеринен тайбай, бүгүнкү күндө башка партиялардын алдынкы катарында туруп, таза шайлоолорго негизделген саясий атаандаштыкты, туруктуу саясий системди сунуштап, аны турмушка ашырууга аракет кылган, бул жээктен тигил жээкке секире качпаган, бекем саясий эркиндикке ээ кыргыз жериндеги жападан-жалгыз көз карандысыз партия экени белгиленди.

Конференцияда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, бүгүн коомчулук радикализмдин үч түрүнө каршы күрөшүүсү керектигин айтты, алар: саясий, экономикалык жана диний радикализм.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө саясий радикализм диктатураны пайда кылып, соттордун баш аламандыгын жаратып, бул коомчулукту чайпалтууда. Бүгүнкү саясий системдин өзөгүн бийликте көзөмөлдүн жоктугу, башкаруучу топтун мыйзамды тоготпой каалаганын кылып жаткандыгы түзүүдө. 

Диний радикализмге кайрылсак, СССРдин кулашы менен калктын руханий жан дүйнөсүндө боштук пайда болуп, ушундай олку-солку абалдан пайдаланууга аракет кылгандар арбын болду. Учурдан пайдаланган диний күчтөр өздөрүнүн көз карашын, идеяларын таңуулап, коомчулукту дендароо кылууга аракетин улантып келет. Ислам радикализми ошолордун катарында турат. 

Ошондой эле социалисттер рыноктук экономиканы колдойт, бирок рыноктук радикализмге бекем каршы чыгып келген жана чыгып жатат. "Биз коомдун жашоосун коммерциализация кылууга каршыбыз. Иш жүзүндө эркин рыноктук моделдин атаандашы жок дегенибиз турмушта мифке айланып отурат. Көрсө, рынок учурунда дагы сатууга жана сатып алууга мүмкүн болбогон көөнөрбөс дөөлөттөр бар тура. "Ата Мекен" социалисттик партиясы ошол үчүн күрөшөт.

2010-жылы биз бир үй-бүлөнүн башкаруусуна жол бербейли деп саясий күрөшкө чыкканбыз. Тилекке каршы, максатыбызга жеткен жокпуз, анткени бүгүнкү күндө өлкөдө бир партиянын башкаруусу өкүм сүрүүдө. Сот системи талкаланды, соттордун бийликтен көз каранды экендигин коомдук активист Уран Ботобековго жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго карата чыгарылган соттун чечимдеринен көрүүгө болот. Эгерде бүгүнкүдөй жол менен бара берсек, биз кайрадан 2010-жылга чейинки диктатурага жана соттук баш аламандыкка толук келип калышыбыз мүмкүн,- деди Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидеринин пикирине караганда, Мырзакматовго карата чыгарылган сот өкүмү - аны шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, айрым партияларга артыкчылык берүү максатында саясий жактан алдын ала даярдалган чечим.

"Ош облусунда партиянын активисттерин аңдуу, аларды коркутуу иштери жүргүзүлүп жатыптыр. Биз азыр 2010-жылдагы бийликке каршы күрөшүп, балдарыбыз канын төккөн мезгилдерге кайтып бара жатабыз. Кыргыздар айткандай, кыргыз өлкөсүндө ”түшпөс хандар” болгон эмес, бир жылдан кийин президент алмашат. Ошондуктан чиновниктерге "аша чаппагыла" деп эскертет элем”,- деди Өмүрбек Текебаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Ajar.
2015-07-27 16:11:48
Көп сөздүүлүктөн тажап баратам, "аны кылдык, муну кылдык" деп эле баары мактанышат...
"Ата Мекенди", анын лидерин сыйлачу элем, принципиалдуу деп, акыркы кездердеги аракеттери боюнча эки анжы ойдо калып баратам, булар тууралуу пикирим өзгөрүп кетпесе болду...
-9
BiTiSHKa
2015-07-27 17:53:21
Ajar.,Текебаев 20-25 жыл алдыны коргон саясатчы. Жасаган кадамдардын жакшылап баалап корсонуз, анын тууралыгына ынанасыз. Азыр анын айланасына тшнгндр гана топтоло баштады. Улутту, Кыргызстанды, Кыргыз элин, бизде жашаган улуттардын биримдигин ойлогон адамдар бириге баштады. Кыргызстанга тынчиык керек, тынчтык болсо онугуу болот, ошондуктан иренжибей эле кой, аган сени уят кылбайт.
0
Altysh_Boldush
2015-07-27 19:14:25
Бийликтин созун. Тепутаттардын созу ит ургондой эле молуп калды
+1
manas93kg
2015-07-27 19:16:18
Шайлоого жакын кулагыбызга лапша илгендер!Президент болгондон кийин ошол эле корунуш!!!
+4
manas93kg
2015-07-27 19:25:49
Мен эч кимге ишенбейм мин артист болсонорда!
+3
saat1200
2015-07-27 20:03:01
кайран ХХХ ХХХ
+3
admin_media
2015-07-28 10:26:46
saat1200, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
0
vassabi
2015-07-27 22:45:27
ушул партиялар менен кыргызстан онолушуна козум жетпейт. Суйлогонду эле койсо, бир даана иш корсотсо кана.
+1
manas93kg
2015-07-27 23:22:35
Кыргызстан СССРден болунгондон бери эч нерсе озгорбоду.Силер кайра Мамлекетти банкрот кылып бутунор.Озубуздон алтын чыкса кайра биз кандайынча карыз болобуз ошончо алтын кайда кетип атат!!!!!!!??????
+4
jazgul.kg.ru
2015-07-28 02:51:01
Мактанганды баштаптырсынар,бири-биринен отуп биз муну жасадык, тигини жасадык деп. Суйлогондон,эфирде бетме -бет отуруп айтышкандан башка эмне жумуш жасап журосунор озу...? Кыргызсанга 40депутат жетишет болчу.
+4
karona
2015-07-28 05:58:31
Текебаевди колдойм бийликтенда бандиттенда коркпогон жалгыз депутат
-2
RASTAMAN
2015-07-28 07:20:36
Uwuga cheyin emne iw jasaptyr?
+2
RASTAMAN
2015-07-28 07:21:44
Maga dese partiya 100 jyldyk taryhga ee bolvoibu
0
Alibi
2015-07-28 11:36:34
Ата Мекен алгабиз сага ишенебиз. Кыргызстандын келечеги Ата Мекендин колунда. Буюрса оңолобуз, өнүгөбүз, өсөбүз!
-2
niko-nuku
2015-07-28 13:59:10
Шайлоого президенттин тарапташы эмес каршылашы катары барайын дегенго.Каршылашы катары оппозиция позициясында барса анда ал утат.Бул шайлоонун алдындагы стратегиялык кадамдардын бириго менимче.Сындаш оной жана жана элге жеткиликтуу.
+2
stimyl.kg
2015-07-28 15:14:27
Сот тармагы менен МВД бизде эми болбой эле калды чектен чыгып. Аларга ишенип адилет чечим чыгарат дегенин бул озу туура эмес. Биз алга карай осуп онугуу жолунда баратабыз дегени куру соз мам башчынын. Текебаев айткандай мурдагы эле жашоо сатып алыуу сатылып кетуу деген конумуш адат.
0
nura.177
2015-07-28 20:53:08
Бул жерде Текебаев эмне учун Мырзакматов иштен алынып жатканда колдогон жок, билет копчулук туштук эли Мырзакматовду колдошун ошон учун бирикти. Туштук окуясы болгондо ата мекен кайда эле дегим келет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан