Жайкы эс алуу – бул жөн гана бош убакыт эмес, бул адамдын ден соолугун чыңдоого, жаңы күч-кубат алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мезгил. Айрыкча балдар үчүн жайкы каникул – тажрыйба топтоонун, саякаттоонун, жаңы нерселерди үйрөнүүнүн өзгөчө мүмкүнчүлүгү.
Көпчүлүк адамдар жайында тоого чыгып, дарыя бойлоп сейилдеп, көлдө сүзүп, таза абада дем алып эс алууну каалашат. Кээ бирөөлөр айылга ата-энесине барып, жаратылыштын кооздугунан ырахат алышат. Бул дене гана эмес, жан дүйнө үчүн да пайдалуу.
Өлкөнүн ар бир облусунда, ар бир мезгилге жараша эс алуучу жайлар бар. Аларга кеңири токтолуп, жайкы эс алуунун алдында туристтик жерлерди эске сала кетели. Каникул, жумуш эргүүңүздөрдү пландай элек болсоңуздар, бул макала сиздерге пайдалуу болот деп ишенебиз.
Кыргызстан Баткенден башталат
Баткен облусунда жайкы эс алууга ылайыктуу Төрт-Гүл суу сактагычы, Сары-Тоо, Кара-Булак аттуу жана башка туристтик жерлер бар.
Төрт-Гүл суу сактагычы – тоо арасында жайгашкан табияты кооз жер. Сууда сүзүүгө, балык уулоого, кайык менен сүзүүгө жана табият коюнунда эс алууга ылайыктуу. Бул жерде жайкысын жергиликтүү туризм жандуу өтөт.
Кара-Булак – тунук суусу, жапжашыл жайлоосу менен белгилүү. Бул аймакта эс алуу жайлары, боз үйлөр жана жайкы лагерге ылайыкташкан шарттары бар. Суу жээгинде пикник жасап, таза абада эс алууга ылайыктуу.
Сары-Тоо – Баткен районунда жайгашкан кооз, тоолуу аймак. Бул жердин өзгөчөлүгү сары, кызгылт, көк, жашыл, кара түстөгү каньондорунда. Сары-Тоо көп жылдар, кылымдар мурун Сармат деңизинин түбү деп айтылып келген. Деңиз суусу соолуп, көз жоосун алган, табышмактуу, кооз түстөрдөгү каньондорго айланган. Тоодон азыркы күнгө чейин деңиз жандыктарынын кабыгын (ракушка) табууга болот.
Ош облусу
Ош облусу да туристтик жайларга бай. Алгач Алай жана Чоң Алай жайлоолорунан баштайлы.
Алай – Гүлчө, Сары-Таш, Дароот-Коргон, Чий-Таш аттуу жана ушул сыяктуу жайлоолорго бай жер. Бул жайлоолордо салкын аба, жапжашыл талаа, тунук булактар жана тоо дарыялары бар. Бээнин сүтүн, кымыз ичип ден соолук чыңдоого, ат минүүгө, спорт менен машыгууга, йога, медитация менен алектенүүгө, боз үйдө жашоого болот.
Чоң Алайда Тулпар-Көл, Ленин чокусунун базалык лагери бар. Тулпар-Көлү кырк көлдөн турган кызыктуу, сырдуу көл. Жергиликтүү элдин айтымында, ал жердеги көлдөрдүн саны кырктан да көп. Тоого чыгып карасаң жакын жайгашкан көп сандагы көлдөргө көрүнүш ачылып, табияттын кереметине көз чаптырууга болот.
Абшыр-Ата шаркыратмасы – тоонун ортосунан жарып чыккан уникалдуу шаркыратма. Бул шаркыратмадагы суу кайсы жактан агып келери азыркыга чейин белгисиз.
Шаркыратманын жанында ыйык булактар да бар. Ал эми суу атып чыккан тоодон ары ашканда көл да бар. Суунун үнү, салкын аба жана таза жаратылыш – жайкы эс алууга идеалдуу жер.
Ошондой эле Ош облусунда Кара-Кой, Кара-Шоро капчыгайы, Кожо-Келен, Лаглан каньондору, Сары-Ой, Мурдаш жайлоолору, Чыйырчык капчыгайы жана башка ушул сыяктуу эс алуучу жерлер көп.
Жалал-Абад облусу
Арстанбап – дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Арстанбапка алып барчу жол да өзүнчө керемет, жаңгактардан жасалган туннель аркылуу шаарга киресиң.
Эки кооз шаркыратмасы бар. Жайкысын тынч, салкын, таза аба. Үй-бүлөлүк эс алууга абдан ылайыктуу.
Сары-Челек биосфералык коругу – көпчүлүк Сары-Челек көлү деп аташат. Бирок бул көлдүн эмес коруктун аты, коруктун ичинде жети көл бар: Кыла көл, Чөйчөк көл, Ири (ийри) көл, Арам көл, Бакалы көл, Туюк көл, Тоскоол-Ата көлү. Жети көлдүн эң чоңу Тоскоол-Ата көлү деп аталат. Мына ушул көлдү көпчүлүк адашып Сары-Челек көлү деп аташат.
Айланасы токой, бул жакта да жаңгактар көп, жапжашыл табият, жаныбарларга бай. Экологиялык туризмди сүйгөндөр үчүн эң жакшы багыт. Бийик-бийик тоолору да бар. Коруктун ичиндеги тоого чыкканда панорамалык көрүнүш ачылып, атап өткөн жети көлдүн бешөөсүн көрүүгө болот.
Сары-Челек коругуна жакын жерде Кара-Камыш аттуу көздүн жоосун алган кооз көл да бар. Трекинг сүйүүчүлөрү коруктан аталган көлгө чейин тоолорду ашып, жөө эле өтүп кетишет.
Талас облусу
Бул облуста Манас эпосунун тарыхы, байыркы археологиялык эстеликтер, жайлоолор, дарыялар, кооз тоолор жайгашкан. Таластын жаратылышынын кооздугу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында да сүрөттөлгөн.
Таласта Манас күмбөзү же Манас ордосу деп аталган тарыхый, ыйык жай бар. Ал жакта 9-10-кылымдарга таандык архитектуралык эстеликтер, айланасында Манаска арналган мемориалдык музей, Айкөл Манас эстелиги жайгашкан. Бул жерден баатырдык духту сезүүгө болот.
Беш-Таш улуттук жаратылыш паркы – Талас шаарынан 15-20 чакырым аралыкта жайгашкан. Жапжашыл капчыгай, тунук суу аккан дарыя, тоо арасындагы Беш-Таш көлү бар. Жайында туристтер үчүн атайын лагерлерди курууга болот.
Нарын облусу
Аянты боюнча өлкөдөгү эң чоң облус – Нарын облусу экени баарыбызга маалым. Бул жакта Чатыр-Көл, Соң-Көл, Кел-Суу, Таш-Рабат, Шар шаркыратмасы аттуу жайкы эс алууга ылайыктуу туристтик жерлер бар.
Соң-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көлдөрдүн экинчиси. Жайында айланасында боз үй лагерлери курулат. Көчмөн турмушту көрүүгө, ат минүүгө, улуттук тамактарды татууга, балык уулоого, улак оюнун көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жайкысын күндүзү да абасы салкын, түнкүсүн асманда жылдыздар кол жетчүдөй жапжакын көрүнөт.
Кел-Суу – бул көлдүн түсү ар кимге ар түрдүү ачылат, ар айда ар башкача көрүнгөн сырдуу көл. Көбүнчө жөө жүрүүнү сүйүүчүлөргө сунушталат. Анткени көлгө жетүү үчүн бир нече чакырым жөө басып өтүү керек.
Таш-Рабат болсо байыркы кылымдын изи бар тарыхый жер. Бул – Улуу Жибек Жолундагы кербен сарай, 14-кылымдарда курулган деп болжолдонот. Там таштан курулган, 30дан ашуун бөлмөсү бар.
Таш-Рабат - Борбор Азиядагы эң жакшы сакталган кербен сарайлардын бири. Бул жер – тарых, архитектура жана табият айкалышкан уникалдуу туристтик объект.
Чүй облусу
Аламүдүн капчыгайы – Бишкек шаарына эң жакын капчыгай, 30 чакырым алыстыкта. Мындан башка Кашка-Суу, Сокулук капчыгайы, Ысык-Ата курорту – булардын баары бийик тоолуу, тунук суулар аккан дарыясы бар, абасы салкын, үй-бүлөлүк жана достор менен эс алууга ыңгайлашкан жерлер.
Ошондой эле Ала-Арча улуттук паркы. Учурда өнүгүп, туристтерге толук шарттар түзүлүп жатат. Улуттук паркта жаныбарлардын түрүн кездештирип, табият менен таттуу мамиледе болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көлдүн түндүк жагы курорттук эс алууга ылайыкташкан. Чолпон-Ата, Бостери шаарларына жайкысын туристтер активдүү келишет. Бул аймактар кемеде сүзүүгө, атракциондорго түшүп адреналин алууга, оюн-зооктор менен көңүл ачууга, айтор, көлдүн жээгиндеги эс алууга ыңгайлашкан.
Ал эми түшүк тарабы кооз жаратылышы менен суктандырат. Мисалы, Барскоон капчыгайы – шаркыратмалар, кооз токойлор жана жайлоолору менен белгилүү. Капчыгайда үч шаркыратма бар жана алардын ар бири өзүнчө көркөм.
Жети-Өгүз капчыгайы – жети кызыл аскалар, Жарылган жүрөк (Жараланган жүрөк) сыяктуу уламыштарга бай капчыгай. Бул аймакта да кооз шаркыратмалар жана жайлоолор бар. Жайкысын боз үйлөр тигилип, эс алуучуларга, туристтерге бардык шарттар түзүлөт.