"Бир болдун" жаштар канаты тамекини шоколадга алмаштырууга үндөп акция өткөрдү

24-июлда Ош шаарында «Бир бол» партиясынын жаштар канаты тарабынан «Дени сак шаар» аттуу акция  болуп өттү. Аталган иш-чарага партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү, волонтёрлор, шаардын жаш активисттери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Учурда дүйнө элдери чылым чегүү менен күрөшүп келишет. Жаман адаттын кесепетинен Жер жүзүндө жылына 500 миңден ашуун адам өмүрү менен кош айтышат. Эң өкүнүчтүүсү, алардын 14 пайызын 30 жаштагы адамдар түзөт. Ал эми Кыргыз Республикасында эркектердин 48 пайызы, аялдардын 25 пайызы тамеки тартса, көрсөткүч жарандардын 28 пайызы тамеки чегеринен кабар берет.

Ден соолукка кам көрүү медицина кызматкерлеринин гана эмес, ар бирибиздин милдетибиз экенин унутпашыбыз керектигин партиянын жаштары шаар тургундарына түшүндүрүштү. Алар чылым чеккендерге тамеки ордуна шоколад сунушташты эле, шаардыктар тамекилерин шоколадга оңой эле алмаштырышты.

Бул иш-чарага күбө болушкан шаар тургундары «Бир бол»партиясынын жаштарына ыраазычылык билдиришип, мындай жөрөлгөлөр көбүрөөк өткөрүлүп, жаштарды, коомчулукту сергек жашоого үндөп туруу керек деген пикирлерин билдиришти.

Кененирээк бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AFFANCULO
2015-07-27 19:39:23
азаматтар жакшы ойлоп табышыптыр
+5
MOHAX
2015-07-27 20:18:31
жакшы ойлоп табышыптыр
+3
Rifle
2015-07-28 01:24:19
Шайлоо башталды !!!
+2
RASTAMAN
2015-07-28 07:27:14
Silerdi korup tawtay koiso gana)))
+1
geniy
2015-07-28 08:49:38
жакшы кылышыптыр. ушундай иш чаралга катышууну каалайм бирок эч катыша албадым
0
geniy
2015-07-28 08:49:56
мен БИР БОЛ мененмин
+2
karona
2015-07-28 12:42:09
Шайлоого жакын тим эле "иштеген" адам болуп чыга келишет, шайлоо буткондон кийин коробуз кимиси эмне иш кыларын.
0
MOHAX
2015-07-28 12:46:46
шоноладда реклама
-8
bolotbai
2015-07-28 14:46:04
Кобунчосу LD cигаретин тапшырышыптыр,LD сигаретин тарткандар бугун шоколад жейт да эртен кайра эле сигарет тартып алышат.Себеби дегенде LD тарткандар сигаретке кумар берилуунун 3 баскычында.Б,а сигаретсиз тура алышбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан