Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов алдамчылыкка шектелип май айынын башында 2 айга камакка алынган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы анын үстүнөн ондогон адамдардын даттанып, сотко арыз менен кайрылышканын билдирген. Арыз ээлери Мырзакматов “үй алып берем” деп 100 миңден ашык доллар жана 1 миллион сомдон ашык акча алганын айтышкан. Бул ишке тиешеси бар делген Мырзакматов менен кошо дагы 4 адам болгон. Алардын үчөө кармалып, көрсөтмө учурунда акчаны Кеңеш Мырзакматов алганын айтышкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.