ЭЛДИК КАБАР: Тоң районунда дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолду бузуп кетти

Дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Коңур-Өлөң айылындагы районду Көл-Төр айыл өкмөтү менен бириктирген жолду суу жеп кетти. Эки тарапка өтүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. 
"Көл-Төр айылы менен чектеш Коңур-Өлөң айылынын ортосунда аккан Чоң-Сай суусу чектен чыгып, элдин чөп чаба турган жерлерин кум чайпап, жараксыз абалга келтирди. Айылга каттоочу жолду бүгүн бузуп кетип, машиналар каттабай калышты. Суу кирип, ашып-ташып жатканына 6 күн болду. Таңга маал бир автоунаа кирип кетип, кырсыкка учурады. Убагында тиешелүү жактар көңүл бурганда мындай кырсык болбойт эле. Биздин жетекчилердин шалаакылыгынан ушундай көрүнүш болду. Азыркы айыл өкмөт жетекчилери тышкы иштер министри болуп калышты. Бир айда бир жолу көрөсүң",- дейт Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 28-июлда байланышкан окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2015-07-28 12:37:43
Конул болуп койсо жакшы болмок экен карапайым элдер эле кыйналат
0
zhykyo
2015-07-29 09:42:04
Айпери менден башка эч ким деле окуган жок окшойт эртен да жазам таарынба копуронор онолуп калар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан