"Тергөө иштеринин жүрүшүндө ырчы
Омардын (Өмүрбек Жанышев) алдамчылык ишине эч кандай катыштыгы жок экендиги аныкталып жатат". Муну бүгүн, 30-июлда ырчынын жактоочусу
Ороз Мадымаров Талас облусунда берген маалымат жыйынында айтты. Жактоочу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча облустук сотко кассациялык даттануу жолдонгонун билдирди. Ошондой эле ал Омарды бир айга камакка алуу мыйзамсыз экенине токтолду.
"Өмүрбекти камоо боюнча чыгарылган тергөөчүнүн токтому, Талас райондук сотунун судьясынын чечими экинчи тараптын келтирилген жүйөлүү негиздери эске алынбастан чыгарылды",- деди Мадымаров. Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.
28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.