* Мындан 141 жыл мурун, 1874-жылы Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү 1874-жылдын август айынын башында кульминациялык чегине жеткен. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыз Ала-Бука капчыгайы аркылуу Касан шаарына бет алган. Чартак жана Жаңы-Коргон чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафед-Булан кыштагына жашынышкан. Кыргыздар 1874-жылдын 1-августунда кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө-Коргонго качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен. 
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы кыргыз өлкөсүнүн экинчи президенти, 2010-жылы 7-апрелде бийлик менен оппозициянын кандуу кагылышынан кийин өлкөбүздөн куулган
Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан (Тейит) айылында туулган.
2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген лидер К.Бакиевди өлкөбүздүн эли президенттикке көрсөткөн. 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72 пайыз добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48 пайыз добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган. 2010-жылы 7-апрелде анын бийликтен кетишин талап кылып карапайым эл көтөрүлгөн. 15-апрелде Убактылуу өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев мамлекеттен чыгып кеткен.
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Сауд Арабия падышасы Фахд ибн Абдель Азиз ас-Сауд инсульттун кесепетинен көз жумган.

* Мындан 101 жыл мурун,
1914-жылы Австро-Венгрия Сербияга согуш жарыялаган соң, 31-июлда Орусия армиясынын мобилизациялоосун баштаган. Ошол эле күнү Германия Орусияга ультиматум койгон: армияга чакырууну токтотуу болбосо, Германия Орусияга согуш жарыялайт. 1-августта Германия Орусияга согуш жарыялап, эч кандай жарыясыз Люксембургга кол салган. 2-августта алардын аскерлери шаарды толугу менен басып алышкан. Ал эми 6-августта Орусияга Австро-Венгрия дагы согуш жарыялаган.* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы Америкадагы музыкалык MTV телеканалы иштей баштаган.